
"Эл үмүтү" эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, сынакка мыкты 100 университеттин
тизмесине кирген ЖОЖго академиялык окууга кабыл алынгандыгын тастыктаган жарандар катыша алат.
Документтерди онлайн кабыл алуу 2023-жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейин жүргүзүлөт. Андан тышкары документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетке тапшыруу керек.
"Эл үмүтү" стипендиясынын максаты - кыргыздын кыйла таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, "Эл үмүтү" стипендиясы жыл сайын Кыргыз Республикасынын президентинин фондунун каражатынан бөлүнүп турат.
Сынакка катышуу шарттары тууралуу кененирээк маалымат
шилтемеде.