Мамлекеттик ишкананын директору 1 миллион сом пара алып жаткан жеринен кармалды (фото)

Мамлекеттик ишкананын директору инвесторлордон 1 миллион сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кендерди иштетүүгө лицензиясынан ажыратабыз деп коркутуп, инвесторлордон акча талап кылып, жаңыдан түзүлгөн компаниянын 20 пайыз акциясын талап кылуу менен, мамлекеттик ишканалардын биринин башкы директору 2 жарым миллион сом өлчөмүндө пара менен кармалган.

"Аталган башкы директор башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, мунай өндүрүүчү компаниянын 20 пайыз үлүшүн пара катары алып, аффилирленген номинациялардын үлүшүн каттап, андан кийин дагы 2 жарым миллион сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Б.А.Т., ошондой эле кылмыш иши боюнча экинчи соттолуучу Б.А.Н. пара менен кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.

Алынган далилдердин негизинде кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ага байланыштуу мыйзамда белгиленген мөөнөттө шектүүлөргө тиешелүү айып тагылып, тергөө мезгилиндеги соттук бөгөт коюу чарасы каралмакчы.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен бардык тиешеси бар адамдардын аракетине юридикалык баа берилет. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан