Нарындагы аскер комиссариатында пара талап кылууга шектелип кадрлар бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
"Нарын шаардык аскер комиссариатынын кадрлар бөлүмүнүн башчысынын улук жардамчысы Т.М.О. 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Тинтүү учурунда которулган акча каражаттары толугу менен анын иш бөлмөсүнөн табылды жана документтештирди", - деп билдиришти УКМКдан.
Шектүү Куралдуу Күчтөрдүн бөлүктөрүнүн бирине кызматка орношуу үчүн А.Э.М. аттуу жарандан 120 миң сом акча талап кылганы аныкталган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.