Айтматов районунда өспүрүмдү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Талас ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-майда милицияга Айтматов районунан белгисиз айдоочу өспүрүмдү сүзүп, кырсык болгон жерден изин жашырып качып кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Издөө ыкчам иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип 1975-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран кармалды. Текшерүү учурунда анын жол кырсыгына тийиштиги бар экендиги аныкталды. Шектүү окуя болгон күнү мас абалда "Фольксваген-Пассат" үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып келе жатканда өспүрүмдү сүзүп алган", - деп айтылат маалыматта.
Өспүрүм алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилген.
Учурда сотко чейинки текшерүү жана иликтөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.