Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келген селитра аныкталды 

Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келген 700 килограмм селитра аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, М.у.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө Кыргызстандын аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок селитра аныкталган.

"Жүк коңшу мамлекеттен алынып келген, товардын жалпы салмагы 700 килограмм, баасы 24 миң 500 сомду түзөт. Факт КБР МКЖ АДСке катталып, учурда жалпысынан 34 миң 923 сом туумдар жана тийиштүү бажы төлөмдөрү төлөндү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан