20-майга караган түнү жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,
Талас жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +21…+26,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,
Нарын дубанында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20.
Бишкекте түнкүсүн +10…+12, күндүз +22…+24 градус болот.