"Эки жылдан бери опузалап акча алып жүргөн". Бишкекте милиция кызматкери кармалды

Бишкекте салондун ээсин опузалап, пара алып келген деген шек менен милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги укалоо салондорунун биринин ээсин ар дайым опузалап, акча каражатын алып келген Ленин РИИБинин ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүсү С.О. кармалды.

"Ал эки жыл бою укало салонунун үстүнөн калкалоосу үчүн айына 4 миң сомдон алып жүргөн. Андан сырткары, 2021-жылдын ноябрь айында коркутуу жолу менен аталган салондун ээсинен 3 миң доллар алган.

Бул каражаттар ай сайын “О деньги” электрондук капчык аркылуу которулуп турган. Ал терминалдардын биринен 5 миң сом акча алып жатканда кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") менен кылмыш иши козголгону кошумчаланды.

"ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан