Токтогул районундагы үйлөрдүн биринен 62,4 килограмм баңгизат сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү жаран баңгизат салынган баштыктарды үйдүн короосуна көмүп койгону аныкталган.
"Издөөчү иттердин жардамы менен кинологдордун катышуусунда Т.у.А.нын турак жайына тинтүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада аталган үйдүн короосунан жерге көмүлгөн 10 мүшөк табылып, анда жалпы салмагы 71 килограмм 268 граммды түзгөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар кургатылган чөп тектүү заттар табылды" - деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары улантылып жатканы кошумчаланды.