Бишкекте телефон аркылуу "бомба коюлду" деп жалган маалымат берген адам 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-февралында саат 06:21де Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу жашыруун маалымат келип түшкөн, бирок тастыкталган эмес.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси "Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү" боюнча кылмыш иши козголгон.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, 1982-жылы туулган Н.А.А. аттуу жараны аныкталып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө бейбаштык үчүн жасагандыгын мойнуна алган.
Ал 18-майда Биринчи Май райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылып, алты айга эркиндигинен ажыратылган.
"УКМК мындай аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылаарын белгилейт, анткени Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, боло турган жарылуу тууралуу атайылап жалган маалыматты айтып, өрттөө же өлүм же оор жаракат алуу коркунучун туудурган башка аракеттер, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500 сомдон 1000 сомго чейинки айыпка же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат", - деп айтылат билдирүүдө.