Бүгүн, 20-майда өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
"Абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөрү кошумчаланды.