Ысык-Көл районунда мыйзамсыз курулган 146 эс алуучу жай аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, агенттик президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгы боюнча облустагы эс алуучу жайларды жана пансионаттарды мониторингден өткөргөн. Анын жыйынтыгында Ысык-Көл районунун аймагында мыйзамсыз курулган 146 объект аныкталган.
Бул объекттер боюнча материалдар сот жана укук коргоо органдарына жөнөтүлөрү кошумчаланды.