Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы автоунаа жолу курулат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президенттин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы тууралуу сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, эки өлкө кыргыз-кытай чек арасында дагы бир өткөрмө бекетин Бедел ашуусунда ачууну пландоодо.
Кулубаев сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытай коронавирус пандемиясынан улам солгундаган соода-экономикалык мамилелерди жакшыртуу боюнча макулдашканын белгиледи.
Ал үчүн эки өлкөнүн чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү бекеттеринин жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү пландалууда. Кулубаев буга кытай тарап дагы кызыкдар экенин белгиледи.