21-майга карата аба ырайы 

21-майда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Борбор калаада түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүз күн ачык болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,

Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +27…+32,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Нарын дубанында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Бишкекте түнкүсүн +11…+13, күндүз +25…+27 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан