Пекин G7 саммитинде Кытай тууралуу сүйлөшүүдөн кийин Японияга катуу нааразы болду

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Чоң жетиликтин Кытай тууралуу билдирүүлөрүнө байланыштуу Японияга катуу нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.

Кытайдын министрлигинин билдирүүсүндө G7 кытай тараптын олуттуу кооптонуусун эске албайт жана Кытайга тиешелүү маселелерди манипуляциялайт.

"Чоң жетилик "тынчтыкка, стабилдүүлүккө жана гүлдөп-өнүгүүгө карай багыт алуу" жөнүндө сөз кылат, бирок чындыгында бул эл аралык тынчтыкка тоскоол болуп, аймактык стабилдүүлүккө зыян келтирип, башка өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө бөгөт коюуда. Мындай аракеттер эч кандай эл аралык ишенимди жаратпайт. Кытайдын олуттуу кооптонуусун этибарга албай, G7 Кытай менен байланышкан маселелерди манипуляциялоону, Кытайды каралоону жана Кытайдын ички иштерине одоно түрдө кийлигишүүнү талап кылышты. Кытай буга катуу нааразычылыгын жана макул эместигин билдирет. Биз саммиттин уюштуруучусу болгон Японияга жана башка тиешелүү тараптарга катуу сунуштарды бердик", - деп айтылат Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Кытайдын нааразычылыгы Тайван боюнча көтөрүлгөн маселеге байланыштуу.

"Тайвань - бул Кытайдын Тайваны. Тайвань маселесин чечүү кытай элинин иши жана аны кытай эли чечиши керек. "Бир Кытай" принциби Тайвань кысыгында тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн сыйкырдуу ийне", - деген Кытайдын Тышкы иштер министрлиги.

Эске салсак, Чоң жетиликтин саммити 19-майда эртең менен Хиросимада ачылган. Ага дүйнөнүн жети ири өлкөлрүнүн лидерлери - АКШ, Япония, Германия, Улуу Британия, Франция, Италия жана Канада, ошондой эле Евробиримдиктин өкүлү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан