Бүгүн, 21-майда Ош шаарындагы Курманжан Датка №52 дарегинде имараттан ири өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:29да 1 бөлүм, кошумча саат 08:37де 1 бөлүм, 1 автошаты, саат 08:38де 1 бөлүм, саат 08:40та дагы 1 бөлүм болуп, жалпы 4 бөлүм тартылган.
Ири өрт сат 09:27де чектөөгө алынды.
Учурда жеринде ИИМ, "Тез жардам" жана өрт өчүрүүчүлөр жүрөт.
Кошумча маалымат берилет.