Орусиянын президенти Владимир Путин "Вагнер" согушкерлер тобун жана орус аскерлерин Бахмутту алышы менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
"Владимир Путин «Вагнер» десанттык отряддарын, ошондой эле аларга керектүү колдоо жана флангтарын жабуу менен камсыз кылган Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн бардык аскер кызматкерлерин Артемовскти бошотуу операциясынын аякташы менен куттуктайт", - деп айтылат билдирүүдө.
Кремль ошондой эле өзгөчөлөнгөндөрдүн бардыгына мамлекеттик сыйлыктар ыйгарыларын билдирди.
Буга чейин "Вагнер" куралдуу тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин анын согушкерлери катуу салгылаш жүргөн Бахмут шаарына көзөмөлдү толук орноткондугун билдирген.