
Ош шаарында болгон ири өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрликке Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан имараттан өрт чыккан тууралуу маалымат түшкөн. Өрт 09:29де чектөөгө алынган. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү жана өрттөн жабыркагандар жок .
Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, 1 авто шаты, Өрт өчүрүү штаб, ыкчам топ жана ИИМ, "Тез жардам" кызматкерлери тартылган.