Грузиянын Georgian Airways авиакомпаниясы өлкө президенти Саломе Зурабишвили кечирим сурамайынча аны учактарына киргизбей турганын билдирди. Бул тууралуу компаниянын директору Тамаз Гаиашвили билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Мен президент айым тууралуу эч нерсе айткым келген жок, анткени анын таптакыр жоопкерчиликсиз билдирүүсү мага башка тандоо калтырган жок", - деген Гаиашвили.
Грузиянын президенти Зурабишвили ишемби күнү Georgian Airways авиакомпаниясына бойкот жарыялаганын билдирди. Буга авиакомпания Тбилисиден Москвага түз каттамдарды аткара баштаганы себеп болгон.