Чүйдөгү жайлоодо айылдаштар мушташа кетип, бирөө бычакталды

Чүй облусундагы жайлоодо айылдаштар жаңжалдаша кетип, бир адам бычакталып ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 17-майында 1986-жылы туулган К.Э. жана 1985-жылы туулган У.Б. аттуу жарандар жайлоодо мал кайтарып жүрүп, алардын ортосунда уруш чыгып «Көк Жар» жайлоосунда мал багып жүрүп, саат 17.00дөр чамасында алардын ортосунда чыр чыгып, У.Б. К.Э аттуу жаранга бычак сайган.

Жыйынтыгында бычактан алган жаракатынан улам К.Э Чүй райондук ооруканасына жеткирилген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, айылдашына бычак сайганга шектүү У.Б. аттуу жаран кармалды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан