Бүгүн, 22-майда Бишкек шаарында ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа бийлигинин маалыматында жазылат.
Билдирүүгө ылайык, ысык сууну өчүрүү жыл сайын жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт.
22-майда өчүрүлгөн ысык суу шаар тургундарына 22-июнда берилет.
Белгилей өтсөк, былтыр, 2022-жылы борбор калаада ысык суу берүү 16-майдан 16-июнга чейин өчүрүлгөн.