Билим берүү жана илим министрлиги Ош облусунун Өзгөн районундагы окуучулар арасында пикир келишпестик боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка караганда, окуя 17-майда сабактан тышкаркы мезгилде тыт талаасында болгон.
"Өзгөн районуна караштуу Ж.Мойдунов атындагы № 11 орто мектебиндеги окуучулар арасындагы пикир келишпестик видео тасмага тартылып, социалдык тармактарда тарап кеткен.
Бул окуяга байланыштуу Өзгөн райондук Билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия, ата-энелер менен бирге кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир нече мугалимге карата тийиштүү чара колдонулду", - деп жазылат маалыматта.
Мектепте жетишсиз тарбиялык иштерин алып баргандыгы үчүн Жакыпова А. "Сөгүш", мектептин социалдык педагогу Кулмаматова Г., 8 "а" класстын класс жетекчиси Умаралиева Г., 8 "б" класстын класс жетекчиси Абдырахманова Р., 9 "б" класстын класс жетекчиси К. "Эскертүү" жазасын алды.