Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Константин Затулин Казакстанга кирип жатканда тоскоолдук жаралды. Бул тууралуу РБК басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Затулинди паспорттук көзөмөл аймагынан өткөрбөй коюшкан. Депутаттын Казакстанга эмне максат менен барганы белгисиз.
"Бир нече кыйынчылыктардан кийин бул кырдаал Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин кийлигишүүсүнөн кийин маселе чечилди", - деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, депутат Затулин бир жыл мурун Токаевдин Донецк жана Луганскты тааныбоо жөнүндөгү билдирүүсүнө жооп кылып, "Эгер достук болбосо, Украинадагыдай кырдаал болушу мүмкүн” деп айткан.