Ысык-Ата районунда эскертүү бергени үчүн бригадирди бычактаганга шектелип жумушчу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-майда Ысык-Ата РИИБине Котовский айылынын тургуну 1970-жылы туулган С.Б. бычактан жаракат алып аймактык ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу Котовский айылындагы Клубничный көчөсүндөгү үйдүн фундаментин куруу иштеринде бригадир болуп иштеп жүргөн. Окуя болгон күнү жумушчулардын бири 1977-жылы туулган И.Т. жумушка түштөн кийин мас абалда келгендиктен бригадир ага эскертүү берген. Мындан улам алардын ортосунда чыр чыгып, И.Т. С.Б.нын моюн тарабына бычак сайып жиберген.
Шектүүнү Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери дароо кармашкан.
Тергөө судьясынын токтомунун негизинде, шектүү И.Т. эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.