УКМК жашыруун иштеген кумаркана аныкталганын маалымдады (сүрөт)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тиешелүү документтери жок, мыйзамсыз иштетилип жүргөн кумаркана аныкталганын маалымдады.

Маалымдалгандай, мекеме криптобиржа жана криптомайнинг кызматтарын көрсөтүүгө жамынып, оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз жүргүзгөн.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында мыйзамсыз аракеттерден ири суммадагы акча каражаттары табылган.

"Мындан тышкары, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында иш жүзүндөгү кирешени жашыруу документтештирилген фактылар аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

Учурда жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан