Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Аскар Акаевдин Жогорку окуу жайларда лекция окуй тургандыгы боюнча маселе көтөрүлдү.
Депутат Аида Исатбек кызы келечегин уурдаган муунга кайра келип лекция окуу бул туура эмес деп эсептээрин айтып, министр Иманалиевдин жеке өзүнүн ою кандай экенине кызыкты.
"Биз ал кишини чакырган эмеспиз. Бул жакта университеттердин ректорлору отурат, өздөрү чакырса алар өздөрүнүн эрки. Ал Кыргызстандагы коомдук саясий турмушка дестабилизация алып келбеши керек.
Бул боюнча ар кимдин ар кандай ою бар, менде лекциянын окулушуна тыюу салууга укуктук негиз жок. Эгерде саясий провакация болсо ар бир ректор өзү жооп берет", - деди Иманалиев.
"Сиздин жеке оюңуз кандай?" деп суроо салды Аида Исатбек кызы.
"Ар бир адамдын жеке субъект ою бар. Менин жеке оюм, кетип калган президенттердин бирөөсү менен дагы кызматташкан жокмун. Мен өкмөт жөнүндө мыйзамды аткарып жатам", - деп жооп берди Иманалиев.
Аида Исатбек кызы суроосуна жооп ала албагандыгын билдирди.