Чаткалда алтынды мыйзамсыз казуу фактысы аныкталып, кылмыш иши козголду

Жалал-Абадда мыйзамсыз алтын казуу иштери аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө "Чаткал" токой чарбасынын кызмат адамдары мыйзамдын талаптарын одоно бузуп, "Э" ЖЧКсы менен 2026-жылдын 15-июнуна чейин ижара келишимин түзгөн.

"Келишим боюнча "Каратюбе-Бузук" жер тилкесинен жер казынасын пайдалануу жөнүндөгү лицензиясында көрсөтүлгөн 24,07 гектар жер аянтынын ордуна жалпы 42,9 гектар жер аянты мыйзамсыз ижарага берилген", - деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, "Э" ЖЧКсы алтын кенин иштетүүдө "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузуу менен лицензиялык уруксат берилген аянттан тышкары 1,50 гектар жер тилкесинде мыйзамсыз алтын казуу иштерин жүргүзүп келгендиги айтылды.

Аталган факты боюнча Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан 337-берене ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 218-берене ("Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан