Ош шаарында жаштардын чыгармачылык борбору ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы жана серепчиси Мирлан Исраилов менен Кореянын "Фаворс Групп" компаниясынын башчысы Со Се Чанг жетектеген жумушчу топтун жолугушуусунда белгилүү болду.
Маалыматка караганда, борбор ар кандай лекцияларды, тарбиялык жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү, жаш муундун дараметин ачып, ишке орношуусуна шарт түзөт. Ошондой эле аймактагы жаштардын кызыкчылыктарына ылайыкташтырылган түрдүү программаларды даярдоо аркылуу активдүү катышууга шыктандырууну көздөйт.
Алдын ала маалымат боюнча, бул борборду Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын имаратында ачуу пландалууда.