Улуттук китепкананын директору кызматынан четтетилди

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулова ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган китепканада ушул жылдын февраль айында Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүрүп, бир топ мыйзам бузуулар аныкталган. Натыйжада Иманкулова прокуратурага суракка чакырылып, апрель айында кылмыш иши козголгон.

"Министрлик Башкы прокуратуранын сунуштамасында көрсөтүлгөн ченемдик-укуктук актылардын бузулушун жоюу максатында Нуржан Иманкулованы кызматынан убактылуу четтетти", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан