Ош шаарынын айрым райондорунда эртең газ өчүрүлөт  

Эртең, 23-майда Ош шаарынын айрым райондорунда саат 10:00дөн 17:00гө чейин убактылуу газ берүү токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы кабарлады.

Маалымдалгандай, бул аралыкта ишкананын кызматкерлери Курманжан Датка жана Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер алдындагы түтүктү оңдоп, газдын чыгуусун токтотушат.

Буга байланыштуу Курманжан Датка, Г.Айтиев, А.Навои, Мамажан, Даводов жана Ленин көчөлөрүндө газ өчүрүлөт.

"Газпром Кыргызстан" ишканасы шаар тургундарын ушул убакыт аралыгында газ жабдууларын колдонбоону, аны өчүрүүдө жана иштетүүдө коопсуздук чараларын сактоону суранып кетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан