Бишкекте Баатыр энелерге миң сомдон берилди (фото)

Кечээ, 21-майда өлкө боюнча Энелер күнү белгиленген. Бул күндүн урматына бүгүн борбор калаада Баатыр энелерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун акимдери Баатыр энелерди Энелер күнү менен куттукташкан.

Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 252 көп балалуу эне бар. Анын ичинен 166сы "Баатыр эне" ордени, 83ү "Эне даңкы" медалдары менен сыйланган.

Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 217 көп балалуу эне бар. Анын ичинен 147си "Баатыр эне" ордени, 70и "Эне даңкы" медалдары менен сыйланган.

Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 224 көп балалуу эне болсо, алардын 153ү "Баатыр эне" ордени, 71и "Эне даңкы" медалдары менен сыйланган.

Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 149 көп балалуу эне бар. Анын ичинен 85и "Баатыр эне" ордени, 59у "Эне даңкы" медалдары менен сыйланган.

"Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйланган энелерге 1000 сомдон, тагыраагы, жалпы суммасы 217 миң сомду түзгөн бир жолку материалдык жардам көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан