Бүгүн, 22-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 364 миллион куб метрди түздү.
Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКнын басма сөз кызматы кабарлады.
"Суунун агып келиши секундасына 704 куб метрди түзөт, сууну керектөө секундасына 250 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.