Жалал-Абаддын Сузак районунда мыйзамсыз иштеп жаткан эки жашыруун медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.
Кабарлангандай, Сузактын Тотуя айылында 2022-жылдын аягынан бери эркек-аял медреселери эч кандай уруксаты жок иштеп жатканы аныкталды.
Эркектердин медресесинде 9 жаштан 18 жашка чейинки 25тен ашуун бала окуган. Алар медресенин аймагында жашап, жашаган жериндеги орто мектептерге барышкан эмес. Медреседе сабактар күн сайын 08:00дөн 17:00гө чейин аткарылып турган.
Аялдар медресесинде жергиликтүү тургундардан 40ка жакын аял жана 10 бала билим алып жүргөн. Анда жума сайын дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин сабактар өтүп, жашы жете элек кыздар да орто мектептерге барбаганы белгилүү болду.
"Бул медреселерде диний сабактарды диний билими жок мугалимдер алып барышкандыгы аныкталган, алар негизинен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерилбеген адабияттарды колдонуу менен Куран окуу жана хадистерди үйрөнүшкөн", - деп айтылат билдирүүдө.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуулар боюнча актылар жана протоколдор түзүлдү. Ошол эле учурда 5500 сом өлчөмүндө (ар бирине) айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.
Мындан тышкары, жашы жете элек окуучулар Сузак РИИБине жеткирилип, ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү протоколдор түзүлдү.