Монголия Кыргызстанга ыш маселесин чечүүгө жардам берет. Аталган өлкө өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет.
Белгиленгендей, бул багытта кызматташтыкты ведомствонун башчысынын орун басары Медетбек Маметов Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен талкуулады.
"Тараптар Глобалдык көмүр кычкыл газынын чыгышынын сандык өлчөө принциптерин изилдөө, ыш маселесин чечүү, ошондой эле экология тармагында өкмөттөр аралык келишимдерди түзүүнүн укуктук негиздери боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты", - деп айтылат билдирүүдө.
Элчи Монголиянын чийки көмүрдү брикеттелген көмүр менен алмаштыруу боюнча өндүрүштүк сектордогу дотациялар жана экологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны жакшыртуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле эл аралык климаттык долбоорлорду ишке ашыруудагы ийгиликтүү тажрыйбасы тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жана кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.