Блогер Улукбек Карыбек уулуна жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн 16 миң сом айып пул салынды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка караганда, блогер унаасын борбор калаадагы Касым Тыныстанов көчөсүндө карама-каршы тилкеге токтотуп койгон.
Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүмү жана 182-беренесинин 6-бөлүмүнө ылайык 2 протокол толтурулуп, Улукбек Карыбек уулуна 16 миң сом айып пул салынды.