Кыргыздын жаш таланттары Өзбекстанда өткөн эл аралык сынакта байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева билдирди.
"Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 10-14 май аралыгында өткөн "Роза востока" эл аралык сынагына биздин таланттуу, жаш ырчыларыбыз катышып, мактанаарлык жыйынтык менен кайтып келдик", - дейт ал.
- 1-орун - Нурдөөлөт Деркембаев (Жаштар категориясы);
- 1-орун - Раяна Алибаева (Улуу балдар категориясы);
- 2-орун - Рамиль Бурканов (Жаштар категориясы);
- 3-орун - "KGтай" тобу (Орто жаштагы балдар категориясы).
Белгилей кетсек, "Роза востока" эл аралык сынагына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан катышкан.