Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин жетекчиси болуп Айдар Токонов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда вице-мэр Мурат Осмонов Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Айдар Токонов буга чейин президенттик аппараттын транспорт бөлүмүндө иштеген.
Эске салсак, аталган департаменттин мурдагы жетекчиси Максат Нусувалиев 13-майда Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган.