Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта отургандардын арасында ачкачылык кармап жаткандардын абалы туруктуу. Бул туурасында бүгүн, 22-майда Жазаларды аткаруу кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, беш киши, тагыраагы, Али Шабдан, Акылбек Айтбаев, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов жана Атай Бейшенбек ачкачылык жарыялашкан. Алар Атай Бейшенбекти айып изоляторунан чыгарууну, Равшан Жээнбеков менен Илгиз Сарылдак уулун мурдагы отурган абак бөлмөсүнө алып келүү талабын коюшкан.
"Ачкачылык жарыялагандардын абалы бүгүнкү күндө жакшы. Эч кандай дооматтары жок, суюктук ичип жатышат, кээ бирөөсү аз-аздан тамак жеп башташты. Медицина кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө каралууда. Айыпталуучуга тамак-аштан баш тартуу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурары, кайра калыбына келтирилгис кесепеттерге алып келери түшүндүрүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 23-октябрында милиция 20дан ашуун саясатчы, жарандык активисттерди кармап кеткен. Ички иштер министрлиги билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.
Милиция кылмыш ишин козгоого алардын 22-октябрда борбор калаадагы кафелердин биринде өткөн жыйыны негиз болгонун билдирип, аларга карата коюлган айыптар боюнча далилдер жетиштүү экенин белгилеген. Ал эми кармалгандар муну саясий куугунтук катары баалап, күнөөсү жок экендигин айтып келишет.