Сокулукта мас абалындагы жаран аялына бычак сайды

Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында мас абалындагы киши аялын себепсиз сабап, бычак менен сайып салган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын билдирүүсүнө ылайык, Сокулук райондук милициясына 1983-жылы туулган Н.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 1978-жылы туулган К.К. аттуу күйөөсү мас абалында аны эч себепсиз сабап, мойнуна бычак сайгандыгын билдирген.

Аталган факты Сокулук РИИБге катталып, кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү К.К. аттуу жарандын жашаган жери аныкталып, кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан