Америкалык миллиардер, "Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос менен журналист Лорен Санчес үйлөнүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, түгөйлөрдүн баш кошкондугу тууралуу маалымат алар Франциядан эс алуудан келгенден кийин билинген. Азырынча алардын үлпөт тою качан болору белгисиз. Биринчи жолу 59 жаштагы Безос 53 жаштагы Санчес менен мамиледе экенин 2019-жылы январда ачыктаган.
Белгилей кетсек, миллиардер 2019-жылы жубайы Маккензи Скотт менен 25 жыл чогуу жашагандан кийин ажырашып кеткен. Алардын ортолорунда төрт баласы бар. Ал эми Лорен дагы Безос үчүн 13 жыл жашаган жолдошу Патрик Уайтселл менен эки жолго түшкөн.