Биз социалдык тармакта

Бишкекте акыркы коңгуроо үчүн акча чогултууга тыюу салынат

Бишкек шаарында акыркы коңгуроо салтанатына байланыштуу кечки жана түнкүсүн майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу калаа бийлигинен кабарлашты.

Маалымдалгандай, бардык мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда өтөт.

"Иш-чаралар акысыз өткөрүлүп, мугалимдерден жана мектептерден акча чогултууга, ошондой эле кечки жана түнкүсүн майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат" дешти мэриядан.

Мындан тышкары, мэрия 25-майда билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөтү уюштурулуп, Бишкектин укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөрүн маалымдады.

“Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жалпы билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары жерде өткөрүлгөн
майрамдык иш-чараларда окуучулардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө ата-энелерге маалымат берүү менен чогулуштарын өткөрүштү.

Мектептер тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда директорго, жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик чаралар көрүлөт” – деп билдирди мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан