Бүгүн, 23-майда кыргыз телесинин жүзү, Кыргыз Эл артисти Бактыбек Мамытовдун бейитине эстелик орнотулду. Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, диктордун үй-бүлөсү, калемдештери, достору жана кесиптештери катышты. Соңунда куран окулду.

Белгилей кетсек, бүткүл өмүрүн телеге арнаган диктор 2022-жылдын 20-майында узакка созулган оорудан улам көз жумган.
Бактыбек Мамытов 1950-жылы Ысык-Ата районунун Алмалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Ал кыргыз телесинин босогосун 21 жашында аттаган.