Бишкектин Октябрь районунда коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзамдын аткарылышы боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, рейддин жүрүшүндө 10 мекеме текшерилген.
"Жыйынтыгында эрежелерди эске албай, бузгандыгы үчүн "Шахерезада", "Социал Кафе" жана "Империя Пицца" кафелерине 39 миң сом айып салынып, протокол түзүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Рейд учурунда кафелердин, эс алуучу жерлердин администрациясына, ал жерде отургандарга коомдук жайда чылым чегүүгө болбой турганы айтылып, мыйзамды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү кошумчаланды.