Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы аба каттамдарынын саны көбөйдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-майдан тарта ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Ош-Красноярск-Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды аткара баштады.
Каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына 1 жолу - дүйшөмбү күндөрү аткарылат.
"Биринчи авиакаттам менен Красноярскга 177 жүргүнчү учуп кетсе, 168 жүргүнчү Ошко учуп келди. Аталган багыт боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды жумасына 4 жолу башка авиакомпаниялар да аткарып келишет", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин 20-апрелден баштап Красноярск - Бишкек - Красноярск багыты боюнча жаңы каттам ачылган болчу.