Ажарына жоолугу төп келип... Кыргыз шоу-бизнес чөйрөсүндөгү айымдардын жоолукчан сүрөттөрү 

Кыргыз шоу-бизнес чөйрөсүндөгү кыргыз айымдарын сахнадагы образдары менен гана көрүп көнүп калганбыз. Мындан улам дал ошол белгилүү айымдардын келин статусун алгандан кийинки жоолукчан сүрөттөрүн топтодук.

Эстрада ырчысы Айдана Дека учурда жолдошу Аваз Акимов менен Ош жергесинде клип тартып жүрүшөт. Ырчы айым аталган клипте буга чейин күйөрмандары көнбөгөн келиндин образын жаратат.

"Аяш", "Кайнене", "Бунт" жана башка тасмаларда роль жараткан актриса Динара Багышбаева турмуш жолуна аттангандан тарта жоолугун башынан түшүрбөй келет.

Учурда чыгармачылык менен гана алектенбестен үй алып, уста бакканга дагы жетишип жүргөн ырчы Айтурган Эрмекова дагы байма-бай жоолук салынгандардын катарын толуктайт.

Ал эми актриса Альбина Имашованын башындагы ак жоолук чоң энесинен калган таберик.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын жоолук салынган сүрөтү.

Актриса Айгерим Саматова жакында эле эне статусуна ээ болду. Актриса турмушка чыккандан кийин Instagram баракчасынан жоолукту түшүрбөй салынганга аракет кылганын байкоого болот.

Блогер, актриса Нуриза Бектурова

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан