Биз социалдык тармакта

"Өткүн өтүп, күн күркүрөйт". 24-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 24-майда өлкөнүн көпчүлүк аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул туурасында Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+22 градус болот.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан