Жогорку Кеңештин депутаттыгына Ленин округу боюнча талапкерлигин койгон Мураталиев Бакытбек Байымбетович шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ал ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө мурда берген арызын артка чакыртып алган.
Муну менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына Ленин округу боюнча талапкерлердин саны 29га кыскарды.
Шайлоо 28-майда өтөт.