Араван районунун айыл өкмөт башчысы кармалды

Оштун Араван районунун айыл өкмөт башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Белгиленгендей, УКМК тарабынан Араван районунун мамлекеттик мекемелериндеги жооптуу жана жогорку кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысынын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 2022-жылдын 14-февралында Тепе-Коргон айылынын башчысы М.М. башка кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, жер участогун "Сугат айдоо жерлери" категориясынан "Жеке турак жай куруу" категориясына которуу жөнүндө токтом чыгаргандыгы аныкталган, ал үчүн өз кезегинде "Кадастр" мамлекеттик мекемеси тарабынан менчик укугуна мамлекеттик актылар берилгени аныкталган.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында, менчикке алынган жер тилкелеринин баасы 7,7 миллион сомду түзгөндүгү аныкталган.

Ушул жылдын 17-майында кылмышка шектүү делип Араван районунун Тепе-Коргон айылынын башчысы М.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан