Чүй облусунда эне өз уулунун ур-токмогунан каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, 21-майда милицияга Искра айылында 1955-жылы туулган Б.Н. аттуу аял өзүнүн үйүндө киши колдуу болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.
Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган уулу Ф.М. аттуу жаран кармалып, камакка алынган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, ал мас абалында апасынын денесине залал келтирип, андан кийин апасы каза болуп калган.
Учурда тергөө иштери уланып жатканы маалым болду.