15 жаштагы Эрбол Эркинбеков Ысык-Ата районундагы Рухи-Мурас-2 жаңы конушундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө анын апасы билдиргенин Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилери: бою 170 сантиметр, чачы кара кыска, орто дене түзүлүштө, көзү күрөң.
Кийип кеткен кийимдери: кара куртка, кызгылт көк футболка, кара шым, ак түстөгү бут кийим.
Эрболдун жүргөн жери тууралуу маалымат билгендер болсо 0312 61 69 07 (нөөмөттөгү бөлүм), 0709 50 29 55, 0505 76 88 76 (издөө тобу) телефон номурларына чалсаңыздар болот.