Бишкектеги Масалиев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган кырсыктан улам жүргүнчүлөрдү ташыган №135 кичи автобустун айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, кырсыктан 5 адам жабыркаган, алардын төртөө кичи автобустун жүргүнчүлөрү жана бирөө жеңил унаанын айдоочусу болгон.
"Транспорт департаменти тарабынан жол кыймылынын эрежелерин так сактоо боюнча бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын алдын алуу жана жол эрежесин сактоонун маанилүүлүгү тууралуу маселе жүк ташуучу компаниялардын жетекчилерине бир эмес, бир нече ирет көтөрүлгөн.
Буга байланыштуу 07KG 582 АВО мамлекеттик номурлуу кичи автобустун айдоочусу М.Омор уулу кызматынан бошотулуп, жагдайлар такталганга чейин унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти шаардыктарды жана айдоочуларды жол эрежесин сактоого жана этият болууга чакырат", - деп билдиришти мэриядан.
22-майда Бишкектеги Жал кичи районунда катуу жол кырсыгы катталган. Анда Тыналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен маршруттук такси менен Хюндай Соната үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен маршруттук таксинин терезесинен эки адам ыргып кеткен. Аларды "Тез жардам" кызматы алып кеткен.